АКШнын Түркиядагы жаңы элчиси келди
Аэропортто журналисттерге билдирүү жасаган Флейк: «Мен бул жерге келгениме кубанычтамын жана жагымдуу тосуп алуу үчүн да ырахмат айтамын»,- деди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Анкарадагы жаңы элчиси Жефф Флейк Түркияга келди.
Элчи Жефф Флейк жубайы Шерил Флейк менен Түрк аба жолдорунун Сан-Франциского каттаган TK 290 учагы менен Түркия убактысы боюнча саат 12.05те Стамбул аэропортуна конду.
Аэропортто журналисттерге билдирүү жасаган Флейк: «Мен бул жерге келгениме кубанычтамын жана жагымдуу тосуп алуу үчүн да ырахмат айтамын»,- деди.
Флейк менен жубайынын борбор шаар Анкарага келери белгилүү болду.
Республикачы болгонуна карабастан 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиядан Жо Байденди колдогон Флейк 2013-2019-жылдары АКШнын Сенатында Аризона штатынын сенатору жана 2001-2013-жылдары Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон.
Флейк 2019-жылы АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын администрациясы жана Республикалык партиянын саясаты менен пикир келишпестиктер болгон деген негизде Сенаттан кеткен болчу.