Шентоп: «Түркия ар дайым Казакстандын жанында»

Парламенттин төрагасы Шентоп Твиттер баракчасынан билдирүү таратты.

1758247
Шентоп: «Түркия ар дайым Казакстандын жанында»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Казакстандагы окуяларды жакындан жана кайгыруу менен байкап жаткандарын айтып: «Түркия ар дайым Казакстандын жанында»,-деди.

Парламенттин төрагасы Шентоп Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Дос жана боордош Казакстанда болуп жаткан окуяларга кылдат жана кайгыруу менен көз салып жатабыз. Казакстан мамлекети жана боордош казак эли бул оор күндөрдү акыл-эстүүлүк менен жеңип, тынчтык жана стабилдүүлүккө тез жетет деп ишенебиз. Түркия ар дайым Казакстандын жанында»,- деди.

Тышкы иштер министрлиги да кечээки билдирүүсүндө, Казакстандагы окуялар тезирээк басаңдаса экен деп тилек кылган эле.

Билдирүүдө: «Казакстан жетекчилигинин бул кризистен чыгаарына толук ишенебиз», - деп айтылган болчу.



Тектеш кабарлар