Түркия : "Казакстандын туруктуулугуна маани беребиз"

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда бүгүн эрте менен өкмөттүн отставкага кетүүсү менен акырына чыккан нааразычылык акциялары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1757670
Түркия : "Казакстандын  туруктуулугуна маани беребиз"

Түркия Казакстанда болуп жаткан нааразылык акциялары тууралуу : «Дос Казакстандын туруктуулугуна маани беребиз. Боордош казак калкынын  тынчтык жана бейпилдигин каалайбыз»,- деп билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда бүгүн эрте менен өкмөттүн отставкага кетүүсү менен акырына чыккан нааразычылык акциялары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта : «Казакстанда 2022 -  жылдын 2 – 3 -  январында  башталган жана бүгүн эрте менен өкмөттүн отставакага кетиши менен акырына чыккан нааразылык акциялырын жакындан иликтеп жатабыз.

Дос Казакстандын туруктуулугуна маани беребиз. Боордош казак калкынын тынчтык жана бейпилчилигин каалайбыз. Казакстан башкаруусунун бул кризистен чыгарына толук ишенебиз. Казакстан калкынын жоопкерчилигине жана окуялардын  кыска убакытта токтошун каалайбыз.

Окуяларда коопсуздук күчтөрү менен бирге жаракат алган казак боордошторубуздун бат айыгып кетишин тилейбиз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар