Түрк аба жолдору Филиппиндин Себу шаарына каттамдарын баштады

THY учуу желесин кеңейтүүдө.

1757063
Түрк аба жолдору Филиппиндин Себу шаарына каттамдарын баштады

Түрк аба жолдору (THY) Филиппиндин Себу шаарына пландуу каттамдарын баштады.

THYнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, THY 2015-жылдын 30-мартында Филиппинге 3 рейс менен борбор калаа Манилага биринчи түз каттамын жасады. THY 3-январдагы Себу Ситиге учуусу менен бул өлкөдөгү учуу желесин дагы да кеңейтти.

Аптасына 3 жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлө турган жаңы каттам бул өлкөдөгү эки жерге тең кызмат көрсөтөт. 

Түрк аба жолдору жаңы багыты менен Себу Ситини да дүйнөнүн 120дан ашуун өлкөсүндөгү 320дан ашуун дестинация менен байланыштырды.

Филиппиндин эң эски шаары болгон Себу экономикалык жана маданий маанисинен улам "Түштүктүн ханыша шаары" деп да айтылат. Шаарда өлкөнүн экинчи чоң деңиз порту да жайгашкан.



Тектеш кабарлар