Владимир Путин Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберди

Путин куттуктоосунда Ковид  - 19  эпидемиясына карабастан соода, экономика, энергетика жана аскердик техникалык тармактарында Россия  -  Түркия карым  - катнаштарынын өнүгүшү үчүн аракет кылынгандыгын баса белгиледи.

1754737
Владимир Путин Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберди

Россиянын президенти Владимир Путин  президент режеп Таййип Эрдоганга жаңы жылдык куттуктоо жиберди. 

Президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Эрдоганга жиберген куттуктоосунда Ковид  - 19  эпидемиясына карабастан соода, экономика, энергетика жана аскердик техникалык тармактарында Россия  -  Түркия карым  - катнаштарынын өнүгүшү үчүн аракет кылынгандыгын баса белгиледи. 

Космосту тынчтык максатында изилдөө жана Ковид-19 вакциналарын өндүрүүдө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экенин баса белгилеген Путин, билдирүүсүндө буларга орун берди : «Биргелешкен демилгелер аркылуу аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө максатында, дос орус жана түрк элдеринин жыргалчылыгы үчүн эл аралык маселелер боюнча интенсивдүү өнөктөштүк жана жемиштүү эки тараптуу кызматташуу мындан ары да өнүгөт деп ишенем».



Тектеш кабарлар