Челик Армения менен нормалдашуу процесси тууралуу маалымат берди

Өмер Челик, кечээ Борбордук Чечим жана Башкаруу Кеңешинин (MKYK) жыйналышы уланып жатканда партиянын башкы кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү.

1754603
Челик Армения менен нормалдашуу процесси тууралуу маалымат берди

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик Армения менен нормалдашуу процессинин бул өлкөнүн Азербайжанга карата баскынчы жана агрессивдүү саясатын таштоосу шартында ишке ашарын айтты.

Өмер Челик, кечээ Борбордук Чечим жана Башкаруу Кеңешинин (MKYK) жыйналышы уланып жатканда партиянын башкы кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү.

Түркия менен Армениянын ортосунда өз ара кадамдарга байланыштуу бир нече жыл мурда протоколго кол коюлганын эске салган Челик, Армениянын Конституциялык соту аны конституцияга каршы деп тапканы үчүн протоколдун жоюлганын айтты.

Челик: «Эми, экинчи Карабах согушу менен басып алуу аяктагандан кийин (өткөн жылы) биздин президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) дагы, Азербайжандын президенти мырза (Илхам) Алиев дагы өлкөдө тынчтыкты камсыз кыла турган көз карашты алдыга коюшту. Бул бүтүндөй Түштүк Кавказда тынчтыкты камсыздай турган, бүтүндөй Түштүк Кавказда стабилдүүлүктү орнутуу жана чыңалууну басаңдатуучу механизмдин пайда болушу... Буга Орусия, Грузия, Иран, Азербайжан жана Түркия, ошондой эле агрессивдүү жана баскынчы саясаттарынан баш тарткан учурунда Армения кошулушу мүмкүн деп айтылган./…/. Президентибиздин эң чоң сезимталдыгы азербайжандык түрк боордошторубуздун бул нормалдашуу процессине оң көз карашта болушу. Азербайжан түрк боордошторубуз, Азербайжан бул нормалдашуу процессине оң көз карашта болгондугу үчүн жана мырза Алиев оң көз карашта болгону үчүн, Түркия аймактык тынчтыкка салым кошуу, аймактагы чыңалууну азайтуу жана кадимки өзүнө болгон ишенимин жана жакшы ниетин көрсөтүү үчүн бул кадамдарды таштоодо»,-деди.

Өмер Челик:«Ошондуктан биз белгилеген принциптердин алкагында бул нормалдашуу процесси Армениянын Азербайжанга карата оккупациялоочу жана агрессивдүү саясатынан баш тартуусу шартта ишке ашат. Түркиянын бул темада керектүү өзүнө болгон ишеними, дипломатиялык мүмкүнчүлүгү бар жана дипломатиялык даярдыкка жана демилге көтөрүүгө эрки жетет. Армения бул баскынчы саясаттарынан баш тартып, бүтүндөй Түштүк Кавказда ырааттуулукту камсыздай турган механизмдин бир бөлүгү катары иш алып барат жана бул нормалдашуу кандайдыр бир жол менен ишке ашат деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар