Түркия Суданга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1754167
Түркия Суданга көңүл айтты

Түркия Судандагы алтын кенинин кыйрашынан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн таратты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ Судандын Батыш Курдуфан аймагындагы шахтанын кыйрашынан улам 38 кенчинин каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Кырсыктан каза болгондорго Аллахтын ырайымын, жакындарына сабыр тилеп, дос жана боордош Судан элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»,-делди.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, облустун түндүгүндөгү Фоча аймагында, салттуу кудук ыкмасы менен алтын чыгарылган Умм Дрисай кени урап, 38 киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар