Түркия НАТОдогу командирлигин Францияга өткөрүп берет

Франция 2023 -  жылы 1 -  январда командирликти Германияга өткөрүп берет.

1754279
Түркия НАТОдогу командирлигин Францияга өткөрүп берет

Түркия  НАТОнун эң жогорку даярдыктагы аскердик күчтөрү болгон Абдан Жогорку Даярдыктагы Биргелешкен Күчтүн (VJTF) командирлигин  1 -  январда  Францияга өткөрүп берет.

НАТОдон берилген маалыматка ылайык, командирликти Түркиядан өткөрүп ала турган Франция НАТО күчүнүн командирлигин бир жыл боюнча аткарат.

VJTFтин негизги элементин 2022 – жылы 3 500 аскерден турган француз  -  немис бригадасы түзөт. Өзгөчө Испания, Португалия жана Польша да аскер берет.

VJTF Россиянын Украинаны туруксуздаштыруучу аракеттери жана Жакынкы Чыгыштагы каршылыктар сыяктуу өзгөргөн коопсуздук чөйрөсүнөн улам 2014 -  жылы түзүлгөн.

Нидерландиядагы НАТО союздаштарынын биргелешкен күчтөрү командирлигинин  астындагы 40 000 аскердик НАТОнун жооп берүү күчтөрүнүн бир бөлүгү болгон VJTF союздаштыктын коргонуусу үчүн бир канча күндүн ичинде аракетке өтө тургандай түрдө даяр күттүрүлүүдө.

Күчтүн командирлигин жыл сайын башка союздаш өлкө аткарууда. Франция 2023 -  жылы 1 -  январда командирликти Германияга өткөрүп берет.



Тектеш кабарлар