Президент Режеп Таййип Эрдоган 20-МАС-ICNA Конгрессине видео кайрылуу жиберди

Режеп Таййип Эрдоган : «Мусулмандар өз ара биримдикте болгондо гана тынчтыкка жетиши мүмкүн».

1753519
Президент Режеп Таййип Эрдоган  20-МАС-ICNA Конгрессине видео кайрылуу жиберди

Президент Режеп Таййип Эрдоган күчөгөн исламофобия, чет элдик душмандык жана маданий расизмге каршы тилектештиктин дагы да күчтөндүрүлүшү керектигин айтып : «Мусулмандар өз ара биримдикте болгондо гана тынчтыкка жетиши мүмкүн», - деди.

Президент Эрдоган жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан он миңдеген мусулманды чогулткан 20-МАС-ICNA Конгрессине видео кайрылуу жиберди.

Эрдоган билдирүүсүндө бул сөздөргө орун берди : «Раббибиз Куранда ар бир кыйынчылыктын артында бир жеңилдиктин бар экендигин билдирет. Руханий лидерлерибизден Азырети Мевлана да «үмүтсүздүктүн артында көптөгөн үмүт бар, караңгылыктын артында көптөгөн жарык бар» деп Раббибиздин бул сүйүнчүсүн чагылдырган. Биз керек болсо саясий, керек болсо күнүмдүк турумушубузда, керек болсо өлкөбүз, улутубуз жана үммөт үчүн күрөшүбүздө бул диний сүйүнчүгө күбө болдук. Кыйынчылыктарга  туш болсок да, ар дайым кыйынчылыктан кийин келген жеңилдик менен бата алганбыз».

Ковид  - 19 эпидемиясынан кийин да жеңилдиктин болорун айткан Эрдоган : «Бул үчүн үмүтсүздүккө кабылбастан, чараларды көрүп, күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантышыбыз керек»,- деди.

Эпидемиядан улам жумушсуз калган адамдарга жардам берилүүсүн сунуштаган президент Эрдоган, коомдун жыргалчылыгы үчүн аракеттерди арттыруу зарылдыгына көңүл бурду.

Эрдоган: «Эпидемия менен бирге күчөгөн исламофобия жана маданий расизм сыяктуу кыймылдарга каршы тилектештигибизди дагы да күчтөндүрүүбүз керек. Мусулмандар өз ара бирге болуу менен гана тынчтыкка жетиши мүмкүн. Биз дүйнөлүк бир туугандыгыбыздын этникалык жана маданий айырмачылыктарыбыздан улам тебеленишине уруксат бербейбиз. Теги, терисинин түсү, уруусу, маданияты, сектасы эмне болсо болсун бардык мусулмандар бир  тууган»,- деди.

Исламда келишпестикке, улутчулдукка жана террорго орун жок экенин баса белгилеген Эрдоган: "Жашообузга болгон коркунучтар көбөйүп жаткан учурда, биз өз кабыгыбызга чегинбей, өзүнө ишенген мусулмандар катары коомдо татыктуу орунду ээлегенге аракет кылышыбыз керек. Буларга жетишкенибизде Раббибиз биздин алдыбызга ырайым эшиктерин ачарына ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар