Хулуси Акар Босния Герцеговинада Мехметчик менен жолугушту

Хулуси Акар расмий сапарын аяктап  Босния - Герцеговинадан чыгып, Косового барды.

1753842
Хулуси Акар  Босния Герцеговинада Мехметчик менен жолугушту

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : "Босния  - Герцеговинада болуп жаткан окуяларды кылдаттык менен байкап жатабыз. Кандай максатта болбосун, жикчил аракеттер эч кимге пайда алып келбейт. Биз ар дайым "биримдик, бүтүндүк" деп айтабыз, Босния - Герцеговинанын бар болушун каалайбыз",- деди.

Акар расмий сапарынын алкагында барган борбор шаар Сараеводогу Босния - Герцеговина түрк өкүлчүлүгүнүн төрагалыгына да барды. Бөлүккө барган Акар бөлүктүн ардак дептерине кол коюп, брифинг алды жана жолдомо берди. 

Босния - Герцеговина түрк  төрагалыгынын кызматкерлерине кайрылган Акар бул милдеттин маанисине басым жасады.

Бул жерде жооптуу Мехметчиктин бир жагынан өлкөсүнүн өкүлү, экинчи жагынан маанилүү милдетти аткарганын белгилеген Акар Түркия менен Босния-Герцеговинанын ортосундагы тарыхый өтмүшкө жана орток баалуулуктарга көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын Балкан өлкөсү катары Босния-Герцеговинага болгон кызыгуусу күндөн-күнгө артып жатканын билдирген Акар: "Бул жердин туруктуулугу жана бүтүндүгү биз үчүн, бүткүл Балкан өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Биз Босния - Герцеговинанын бүтүн болушу үчүн, өлкөнүн туруктуулугу жана бул жердеги адамдардын  бейпилдикте жашашы үчүн бардык күч - аракетибизди жумшадык",- деди. 

Босния  - Герцеговинанын куралдуу күчтөрүнүн өнүгүүсү үчүн жасаган иштерине токтолгон Акар, өлкөнүн Европа жана Атлантика мекемелери жана НАТО менен интеграциясына колдоо көрсөтүүнү улантып жатышканын белгиледи.

Хулуси Акар расмий сапарын аяктап  Босния - Герцеговинадан чыгып, Косового барды.



 



Тектеш кабарлар