Түрк полициясы Түркиянын жүк ташуучу унааларын Венгрияда коргойт

Бул маалымат Эл аралык Транспортчулар Ассоциациясынын (UND) билдирүүсүндө орун алды.

1753320
Түрк полициясы Түркиянын жүк ташуучу унааларын Венгрияда коргойт

Түрк полициясы Түркиянын жүк ташуучу унааларын Венгриядагы мыйзамсыз иммигранттардан коргойт.

Эл аралык Транспортчулар Ассоциациясынын (UND) билдирүүсүндө, Түркиянын экспорттук жүктөрүн ташыган транспортчулардын Сербия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрдө жүк ташыган мыйзамсыз мигранттардын айынан чоң кыйынчылыктарга туш болгону жана айып пулга дуушар болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө, ички иштер министри Сүлейман Сойлунун «Түрк полициясы маселени чечүү жана окуялардын алдын алуу үчүн башталган «Достук жолу» долбоорунун алкагында Венгриянын чек ара дарбазаларында иштей баштаганын айтканы эске салынды.

Билдирүүдө эл аралык жол ташуу иштерин аткарган түрк жүк ташуучу унааларынын эч кандай кыйынчылыксыз ташууларын жүргүзө ала турганы билдирилип, бул чечимдин Түркиянын экспорт максаттарына тезирээк жетүү үчүн да маанилүү кадам экени баса белгиленди.

Билдирүүдө 2019-жылы «Сыла Жол долбоору» алкагында Сербиянын чек ара дарбазаларында нөөмөттө турган түрк полициясы менен мыйзамсыз иммигранттардын түрк жүк ташуучу унааларына түшүшүнө бөгөт коюлганы, түрк унааларына колдоо көрсөтүлгөнү белгиленди. Ошентип 50 миңден ашуун түрк жүк ташуучу унаалары эч кандай көйгөйсүз өттү.

Билдирүүдө, «Долбоордун алкагында өлкөбүздүн экспортунун үзгүлтүксүз ташылышын камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү кызматташтыкка кол коюлуп, биринчи этапта 25 түрк полициясы өлкөбүздүн Европага экспортунда Венгриянын Румыния жана Сербия чек ара дарбазаларында кызматка киришти»,делди.



Тектеш кабарлар