Чавушоглу Түркия менен Армениянын өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусунун Москвада боло турганын айтты

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада 2021-жылга карата тышкы саясатты баалоо жыйынында сөз сүйлөдү.

1753127
Чавушоглу Түркия менен Армениянын өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусунун Москвада боло турганын айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Армениянын атайын өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусунун Орусиянын борбор шаары Москвада боло турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада 2021-жылга карата тышкы саясатты баалоо жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине баа берген Чавушоглу эки тараптын тең атайын өкүлдөрдү дайындап жана милдеттерин жүктөгөнүн эске салып: «Биздин баамдообуз боюнча, биринчи жолугушуу Москвада болот. Армениянын бул багытта каалоосу бар. Бирок биринчи жолугушуудан тышкары биз түз байланыштарды түзүүнү каалайбыз»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосунда өз ара чартердик каттамдардын жакын арада башталаарына көңүл бурган Чавушоглу, Армения менен Түркиянын ортосунда өз ара сапарлар менен бирге түз байланыш түзүлүшү жана карым-катнаштардын нормалдашуусу үчүн таштала турган кадамдар үчүн жол картасынын аныкталышы керектигин айтты.

Армения менен карым-катнаштарды нормалдаштыруу процессинде Азербайжан менен кеңешүү жана координациянын маанилүү экенин белгилеген Чавушоглу: «Армения ушул багытты улантат деп үмүттөнөм. (Армениянын) билдирүүлөрү позитивдүү, бирок биз иш-аракеттерди көргүбүз келет. Биз дагы үчтүк жол менен кадам таштасак болот»,- деди.

Карым-катнаштардын нормалдашуусу үчүн жаңы кадамдардын ташталышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Бул Кавказдын стабилдүүлүгү, тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн маанилүү болот. Андыктан алар атайын өкүлдөрдүн бул жердеги биринчи жолугушуусуна жол картасы боюнча пикир алмашат. Андан кийин алар үчүн үзгүлтүксүз жолугушуп туруу үчүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү пайдалуу болот деп ойлойм.»,-деп айтты.

Чавушоглу визанын либерализациясына байланыштуу да:«Европа Биримдиги башка маселелер сыяктуу эле бул маселеде өз сөзүндө турбоо үчүн убакытты өткөрүү менен оюнун улантууда»,деген серебин салды.

 



Тектеш кабарлар