Эрдоган Стамбул облустук кеңейтилген кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Стамбулдагы кеңейтилген облустук кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

1752750
Эрдоган Стамбул облустук кеңейтилген кеңешме  жыйынында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган пайыздын байларды байытып, кедейди андан да кедей кылганын, пайыздын себеп, инфляция болсо анын натыйжасы экенин баса белгилеп:«Биздин эл бул дөңгөлөктү да талкалайт жана биз улутубузду негизги максаттарына жеткиребиз деп ишенем»,-деди.

Президент,Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Стамбулдагы кеңейтилген облустук кеңешме жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Түркияны алдыңкы 10 экономиканын бири кылуу максатына карай ылдам жылып жаткандарын айтты.

«Пайыз байларды байытат, кедейди андан да кедей кылат. Пайыз себеп, инфляция анын натыйжасы»,-деп айткан Эрдоган: «Биздин эл бул дөңгөлөктү да талкалайт жана биз улутубузду негизги максаттарына жеткиребиз деп ишенем»,-деди.

Эрдоган:«Себеби жоктун сүйүүсү жок, сүйүүсү жоктун ачуусу жок. Кээде ачуулангандай көрүнөбүз, бул биздин ишибизден жана сүйүүбүздөн улам болот»,-деп айтты.

Бул иште (өлкөгө кызмат кылууда) өзүмчүлдүккө, текебердикке, чыккынчылыкка орун боло албасын белгилеген Эрдоган : «Бул ишти дагы илгериге алып барып (Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына) 2023-жылга жеңиш менен жеткирүү биздин милдетибиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар