Эрдоган кечки тамакта жумушчулар менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Газиантепте жумушчулар менен кечки тамакта жолугушту.

1752625
Эрдоган кечки тамакта жумушчулар менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өнөр жайчыларды, демилгечилерди жана ишкерлерди дагы көп жумуш менен камсыз кылуу жана дагы көп өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен кубаттагандарын айтты.

Президент Эрдоган Газиантепте жумушчулар менен кечки тамакта жолугушту.

Жумушчуларга кайрылган Эрдоган, Газиантептин Түркияны инвестиция, иш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана күндөлүк профицит менен өстүрүү максатынын алдыңкы шаарларынын бири экенин айтты.

Тарыхтын, цивилизациянын, маданияттын жана бир туугандыктын шаары болгон Газиантептин өндүрүш жана эмгектин шаары катары да Түркияда, аймагында жана дүйнөдө үлгүлүү шаарга айланганына көңүл бурулду.

Эрдоган: «Түркия бир орунда тура албайт, Түркия секирик жасап баратат, Түркия токтобой баратат. Газиантеп 12 миллиард долларлык экспорттоочу шаарга айланды»,-деди.

Өнөр жайчыларды, ишкерлерди жана демилгечилерди көбүрөөк жумуш менен камсыз кылуу жана көбүрөөк өндүрүү мүмкүнчүлүгү менен шыктандыргандарын баса белгилеген Эрдоган, жумушчуларды да маңдай теринин акысын ала турган айлык акы саясаты менен колдогондорун айтты.



Тектеш кабарлар