Эрдоган: «Ар бир мезгилде Индонезия үчүн болгон ресурстарыбызды мобилизацияладык»

Президент Эрдоган, Индонезиянын Ачех аймагында 2004-жылы болгон цунаминин 17 жылдыгынан улам «Глобалдык Ачех диаспорасы» уюштурган иш-чарага видео кайрылуу жөнөттү.

1752661
Эрдоган: «Ар бир мезгилде Индонезия үчүн болгон ресурстарыбызды мобилизацияладык»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, физикалык алыстыкка карабастан Индонезия элин кыйын күндөрүндө эч качан жалгыз калтырбагандарын айтты.

Президент Эрдоган, Индонезиянын Ачех аймагында 2004-жылы болгон цунаминин 17 жылдыгынан улам «Глобалдык Ачех диаспорасы» уюштурган иш-чарага видео кайрылуу жөнөттү.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө бул маңыздуу иш-чарага алыстан болсо да катышуудан абдан ыраазы болгонун белгиледи.

2004-жылдагы чоң апаатта каза болгондорго Аллахтан ырайым, артында калгандарга сабыр тилеген Эрдоган: «Биз Индонезиялык бир туугандарыбыз менен тилектештигибизди улантабыз. Биз Индонезия элинин кайгысын биздин кайгыбыз, анын кубанычын кубанычыбыз деп билебиз»,-деди.

Өлкөлөр арасындагы физикалык аралыкка карабастан Индонезия элин кыйын күндөрүндө эч качан жалгыз калтырбагандарын билдирген Эрдоган: «Биз Индонезияга керектүү болгон ресурстарды мобилизацияладык»,-деп айтты.

Кырсыктан кийин Түркиянын Индонезияга берген өнүгүү жардамынын көлөмү 75 миллион доллардан ашканын белгиледи.



Тектеш кабарлар