Алтун: «Түркия дезинформацияга эң көп кабылган өлкө»

Президенттиктин Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун «Улуттук стратегиялык коммуникация саясаты» жана «Дезинформация менен күрөшүү» семинарларынын биргелешкен ачылыш жыйынында сөз сүйлөдү.

1752733
Алтун: «Түркия дезинформацияга эң көп кабылган өлкө»

Президенттиктин Коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын жалган кабар менен күрөшкөн дүйнөдө биринчи өлкө болгонун белгиледи.

Фахреттин Алтун Стамбулда бейөкмөт уюмдардан, аналитикалык борборлордон, медиадан, коомчулуктан жана академиядан белгилүү инсандардын катышуусунда бир убакта өткөрүлгөн «Улуттук стратегиялык коммуникация саясаты» жана «Дезинформация менен күрөшүү» семинарларынын биргелешкен ачылыш жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркиянын дезинформациялык бомбалоо доорун башынан өткөрүп жатканын белгилеген Алтун: « Албетте, биз аны менен күрөшөбүз, аны менен күрөшүүбүз керек»,-деди.

Түркияда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бир трансформация болуп жатканын, улуттун жана улуттук кызыкчылыктардын пайдасына болгон бул трансформациянын токтотулушу кааланганын белгилеген Алтун, Түркиянын ушул себептен улам глобалдык дезинформация маселесине эң көп кабылган өлкө экенин белгиледи.

Заманбап демократиялык өлкөлөрдө дезинформациянын эң оболу коомдук башаламандык жаратуу, саясий туруксуздукту пайда кылуу жана экономикалык кризис жаратуу үчүн колдонулганын белгилеген Алтун, бул куралдардын бардыгынын «чет элдик кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн жаратуу» үчүн колдонулганын белгиледи.

Дезинформациянын уюшкан түрдө уланып жатканын, бул жерде террордук уюмдар, чет мамлекеттер, суб-мамлекеттик актерлор, көп улуттуу компаниялар жана эл аралык бейөкмөт уюмдар  активдүү роль ойной аларын баса белгилеген Алтун, жалган маалыматтын алдын алуунун улуттук милдет экенин айтты.



Тектеш кабарлар