Шентоп Черногорияда

Шентоп Черногория сапарынын алкагында Тузи шаарындагы Мехмет Фатих медресесин зыярат кылды.

1752010
Шентоп Черногорияда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Черногория сапарынын алкагында Тузи шаарындагы Мехмет Фатих медресесин зыярат кылды.

Шентопту Черногория Ислам биримдигинин төрагасы Рифат Фейзич, Түркиянын Подгорицадагы элчиси Сонгүл Озан жана берки жетекчилер коштоп жүрүштү.

Шентоп ушул алкакта Мехмет Фатих медресесинде билим алып жаткан окуучулар менен маектешти.

Черногориянын көп маданияттуу жана көп улуттуу өлкө экенин эске салган Шентоп, Түркияда босниялык жана албандар сыяктуу түрдүү этникалык тектүү адамдардын жашаганын жана алардын Түркияда тектеш экенин айтты.

Шентоп: «Биздин бир гана билдирүүбүз бар. Бүтүн дүйнөдө; адамдар өз ишенимдерине жараша тынчтыкта ​​жашай ала турган чөйрөнү түзүү»,-деди.

Осмон империясынын Балкан аймагында кылымдар бою өкүм сүрүп келгенин айткан Шентоп: «Бул жерде жашаган бардык этникалык тектүү адамдар өздөрүнүн этникалык тегин, жамааттарын, тилин жана динин сактап келишкен, алардын сыйынуучу жайлары жүздөгөн жылдар бою сакталып келген. Осмон дөөлөтү ошол мезгилде дүйнөнүн эң чоң державасы болгон жана анын мекемелери абдан жакшы иштеген, дагы деле бүткүл дүйнө үлгү алууга аракет кылган жакшы мекемелери, өзгөчө билим берүү мекемелери бар мамлекет болгон»,- деди.

Шентоп Тузиде Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан калыбына келтирилген Тузи Низам мечитин да зыярат кылып, Фейзичтен мечит тууралуу маалымат алды.

Шентоп фашисттик доордун курмандыктарын эскерүү үчүн Черногориянын борбор шаары Подгорицадагы Горица партизан эстелигине гүлчамбар койду.



Тектеш кабарлар