Акар : "Грециянын куралдануу аракеттери текке кетти"

Аземде сөз сүйлөгөн Акар бардык кызматкерлерди жетишкендиктери үчүн куттуктады.

1752299
Акар : "Грециянын куралдануу аракеттери текке кетти"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Грециянын акыркы мезгилдердеги куралдануу жана Түркияга үстөмдүк кылуу аракеттеринин текке кеткендигин айтты.

Хулуси Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, генерал Яшар Гүлер, Күч командирлери жана Улуттук коргоо министринин орун басарлары менен министрликтин медалы, ийгиликтүү бөлүк жана кызматкерлерди сыйлоо аземине катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Акар бардык кызматкерлерди жетишкендиктери үчүн куттуктады.

Президент Р. Т. Эрдогандын лидерлигинде эл аралык субъектиге айланган Түркиянын окуяларга каршы активдүү чараларды көргөнүн белгилеген Акар : «Түрк куралдуу күчтөрү катары милдетибиз өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугун, коргонуусун камсыз кылуу, эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды сактап калуу үчүн  кургактыкта, деңизде жана абада бизге түшкөн милдетти чечкиндүүлүк менен орундатуу»,- деди.

Террор менен күрөштүн улантылып жаткандыгын баса белгилеген Акар акыркы бир террористи жок кылганга чейин күрөшүүнүн улантыларын белгиледи.

Акыркы мезгилде Грециядагы куралдануу иштерине да токтолгон Акар : «Бир канча өлкөнүн колдоосу менен куралданып Түркияга үстөмдүк кылууга аракет кылышууда. Бул куру аракет. Өзгөчө НАТО ичинде союздаш болуу менен бирге жаңы союздаштыктар менен бир нерселерди жасоого аракет кылышууда. Булардын баары жасалма. Жыйынтык катары эмне кылса кылышсын түрк куралдуу күчтөрү өлкөбүздүн жана улутубуздун кызыкчылыктарын коргоо менен колдоодо чечкиндүү. Муну баарынын билишин каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар