Түркиядан Эрбилдеги селден жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам
2 миң кышкы кийим, 500 жууркан, 380 уктоочу баштык жана 2 миң байпак таратылганы белгиленди.
1751482
Түркия Ирактын Эрбил шаарында өткөн аптада болгон сел апаатынан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам таратты.
Түрк Кызылайынын Ирак делегациясынын башчысы Ферхат Сүрмели, жардамды Ирак Кызылайы менен кызматташтыкта Куштепе аймагында тараткандарын айтты.
2 миң кышкы кийим, 500 жууркан, 380 уктоочу баштык жана 2 миң байпак таратылганын белгиледи.
Эрбилде 17-декабрда нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун чек араларындагы көптөгөн микрорайон жана аймактарда болгон сел жана суу ташкындарынан 12 киши каза тапкан.
Сел сууларына кабылып дайынсыз болуп жаткан 2 кишини издөө-куткаруу иштери болсо уланууда.