Эрдоган: «Шаарларыбызды чоң инвестициялардын негизинде өзгөрттүк, колдодук жана бекемдедик»

Эрдоган Анкара Кызылжахамамдагы «Мэрлердин кеңешүү жана баа берүү жыйналышында» сөз сүйлөдү.

1751824
Эрдоган: «Шаарларыбызды чоң инвестициялардын негизинде  өзгөрттүк, колдодук жана бекемдедик»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Шаарларыбызды чоң инвестициялардын негизинде өзгөрттүк, колдодук жана бекемдедик»,- деди.

Эрдоган Анкара Кызылжахамамдагы «Мэрлердин кеңешүү жана баа берүү жыйналышында» сөз сүйлөдү.

«Туруктуу урбанизм жана климат саясаты темасында биз 19 жылдын ичинде чоң инвестициялардын негизинде шаарларыбызды өзгөрттүк, колдодук жана бекемдедик» деген президент: «Жаңы башкаруу системасына өткөн 2018-жылдан бери экология жана шаар куруу тармагында инвестициянын наркы 300 миллиард лирадан ашкан 12 миң 700 долбоорду ишке ашырдык. Бүт облустарыбызды жана райондорубузду камтыган бул инвестициялар, келечегибизге көбүрөөк ишеним менен кароого мүмкүнчүлүк берүүдө»,-деп баа берди.

Глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн адамзатка барган сайын коркунуч туудурганын эске алып, 2053-жылга карата көз карашынын борборуна «жашыл өнүгүү төңкөрүшүн» койгондорун жарыялашкандарын эске салган Эрдоган: «Жашыл өнүгүү төңкөрүшүнүн алкагында өзгөчөлөнгөн таза энергиядан баштап таштандыларды башкаруу тартибине жана жашыл мейкиндиктин көлөмүн көбөйтүүгө чейин көптөгөн темалар муниципалитеттерибизге да тиешелүү. Сиздерди жашыл өнүгүү төңкөрүшүбүздү колдоого чакырам»,-деп айтты.

Эрдоган өз сөзүндө «Нөл калдык» долбоору менен дүйнөгө үлгү боло турган катуу таштандыларды башкаруу тартибин ишке ашырышкандарын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар