Эрдоган менен Жапаровдун биргелешкен билдирүүсү

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан маалымат берилди.

1751852
Эрдоган менен Жапаровдун биргелешкен билдирүүсү
Erdoğan-Caparov 2.jpg

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан берилген биргелешкен билдирүүсүндө, бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган жана бул өлкө менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн биринчи өлкө болгон Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону белгиленди.

Өткөн 30 жылда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын орток тарых, маданият жана туугандык байланыштарынын негизинде бардык тармакта ылдам жана ырааттуу түрдө өнүккөнү белгиленген билдирүүдө, 2011-жылдын 26-апрелинде эки өлкөнүн ортосунда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин түзүлүшү менен жогорку деңгээлдеги саясий диалог мындан ары да өркүндөтүлгөнү, экономикалык кызматташтыкты чыңдаганы, ар тараптуу маданий жана адамдык мамилелерге дем берүүчү маанилүү этап экени жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнөн келип чыккан потенциалдардын ишке ашырылышын шыктандырган маанилүү баскычты түзгөнү баса белгиленди.

Билдирүүдө белгиленгендей, үзгүлтүксүз жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар жана Биргелешкен экономикалык комиссия жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобу сыяктуу эффективдүү кызматташуу механизмдери эки боордош өлкөнүн эки тараптуу күн тартибин кеңейтүүгө жана жалпы кызыкчылык туудурган бардык маселелерде өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди.

Билдирүүдө ошондой эле, «Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы парламенттер аралык иш-чаралар жана үзгүлтүксүз өз ара сапарлары түрк-кыргыз мамилелеринин барган сайын маанилүү толуктоочу элементтери болуп калды. Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө аймакта туруктуулуктун маанилүү элементине айланган аскердик-техникалык жана коопсуздук тармактарында кызматташтыгын активдүү түрдө улантууда.Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө жана эпидемиянын жарандардын соода жана транспорттук ишмердүүлүгүнө тийгизген терс таасирин азайтууда үлгүлүү тилектештик көрсөтүштү. Бул маселедеги тыгыз кызматташтыгын жана тилектештигин тереңдетүүнү улантышууда».

Билдирүүдө Түркия менен Кыргызстан эл аралык жана аймактык уюмдардагы окшош позицияларын эске алуу менен эл аралык мамилелер системасын мындан ары демократиялаштыруу жана эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин өнүктүрүү максатында көп тараптуу платформаларда кызматташууну бекемдөөгө даяр экени айтылды.

Эки өлкө тең БУУнун тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы борбордук координациялоочу ролун жана бул иш-чаралардын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатууну колдой турганы баса белгиленген билдирүүдө, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпоо жана экономикалык ооздуктоо саясатын четке кагып, шашылыш глобалдык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө карай көп тараптуу жана биргелешкен иш-аракеттерге жигердүү колдоо көрсөткөнү айтылды.

Эки өлкө тең терроризмдин бардык формаларын жана көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптай турганы белгиленген билдирүүдө:«Эки өлкө бул балээге каршы эффективдүү күрөшүү, бир гана маселени саясатташтырбай биргелешип иш алып барып жана кош стандарттардан алыс болгондо жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюциялары менен БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясынын жоболору катуу сакталганда гана мүмкүн болот деп эсептешет. Уюмдун активдүү мүчөлөрү болгон Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкты жана тилектештикти тереңдетүүгө багытталган үзгүлтүксүз консультациялар жана биргелешкен иш-чаралар аркылуу Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында жаңы демилгелерди түзүүгө үндөшөт, жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, соода, экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Түркия менен Кыргызстан Түрк Мамлекеттери Уюмунун ролун жана эффективдүүлүгүн мындан ары да жогорулатуу үчүн биргелешип иштөөнү улантат. Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн жакшыртуу максатында көп тараптуу платформалардагы диалогду жана кызматташтыкты, ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө эрктерин ырасташат».



Тектеш кабарлар