Эрдоган: «Кудста бардык диндерди сыйлаган чечим табыла турганына ишенем»

Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте Түрк Жөөт Жамаатынын жана Ислам өлкөлөрүнүн раввиндер альянсынын мүчөлөрүн кабыл алды.

1751388
Эрдоган: «Кудста бардык диндерди сыйлаган чечим табыла турганына ишенем»

Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Палестина маселесинде таштала турган кадамдар бир гана палестиналыктардын эмес Израилдин да коопсуздугу жана ырааттуулугуна салым кошот. Кудста бардык дин топторунун сезимталдыктарына урмат көрсөтө турган чечим табыла турганына ишенем»,-деди.

Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте Түрк Жөөт Жамаатынын жана Ислам өлкөлөрүнүн раввиндер альянсынын мүчөлөрүн кабыл алды.

Эрдоган, кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө, «Айрыкча Батыш өлкөлөрүндө күч алып жаткан исламофобия, антисемитизм жана ксенофобия менен күрөшүүдө тилектеш болушубуз керек»,-деди.

Ал ошондой эле:«Мындан тышкары, биз баарыбыз биргелешип Жакынкы Чыгышта тынчтык жана стабилдүүлүк чөйрөсүн чыңдашыбыз керек. Үч монотеисттик диндин тең ыйык жерлерин камтыган бул байыркы географияда тирешүү, кагылышуу жана башаламандыктарды эч качан көргүбүз келбейт. Түркиянын эң чоң тилеги – ар түрдүү диндердин, тилдердин жана этникалык топтордун тынчтыкта ​​жанаша жашаган Жакынкы Чыгыш.

Израилдин өкмөтүнө биздин эскертүүлөрүбүз маселелерге Жакынкы Чыгыштын узак мөөнөттүү тынчтык жана туруктуулук көз карашынан каралышын камсыз кылуу болуп саналат.

Палестина маселесинде өзгөчө Кудста таштала турган кадамдар бир гана палестиналыктардын эмес Израилдин да коопсуздугу жана ырааттуулугуна салым кошот.

Мына ушуга байланыштуу мен Израилдин президенти мырза Герцог жана премьер-министр мырза Беннетт менен да биздин жаңыланган диалогубузга зор маани берем»,-деп айтты.

Израилдин тынчтык аракеттеринин алкагында чын ыкластуу жана конструктивдүү мамилесинин нормалдашуу процессине салым кошо турганын белгилеген Президент:«Иерусалимде бардык дин топторунун сезимталдыктарын эске ала турган бир чечим табылаарына ишенем. Түркия-Израиль карым-катнаштары аймагыбыздын ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн өтө маанилүү”,-деди.

«Мен бул маселеде сиздин колдооңузга өзгөчө маани берем»,-деп айткан Эрдоган: «Биз кызматташуубузду өркүндөтүүгө жана жогорку потенциалыбызды жакшыраак пайдаланууга даярбыз. Мен байланышты жана диалогду улантууга маани берем, анткени бул биздин жалпы кызыкчылыгыбызга жооп берет деп эсептейм»,-деди.



Тектеш кабарлар