Акар: «Арменияга тынчтык колу сунулду»

Министр Акар борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

1751842
Акар: «Арменияга тынчтык колу сунулду»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Биз Армениянын, Азербайжан тарабынан сунулган тынчтык колун кармашын каалайбыз»,-деп айтты. 

Министр Акар борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө, бүткүл Кавказдын тынч жана бакубат жашоосунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп: «Урматтуу Илхам Алиев жана президентибиз (Режеп Таййип Эрдоган) бул маселени бир нече жолу көтөрүштү. Алар Арменияга тынчтык колун сунушту. Биздин тилегибиз жана үмүтүбүз Армениянын муну алсыздык катары кабыл алып туура эмес кадамга барбашы жана бул тынчтык колун кармашы»,-деди.



Тектеш кабарлар