Шентоп Сербияда...

Шентопту Белграддын «Никола Тесла» аэропортунда Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

1750891
Шентоп Сербияда...
şentop2.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияга жасаган расмий иш сапарынын экинчи бөлүгүндө коштоосунда парламенттик делегация менен Сербиянын борбор шаары Белградга барды.

Шентопту Белграддын «Никола Тесла» аэропортунда Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Парламент төрагасы Шентоп Сербиянын президенти Александр Вучич жана премьер-министр Ана Брнабич менен жолугушат.

Сербиянын Улуттук Парламентине бара турган Шентоп кесиптеши Ивица Дачич менен жолугушуп, биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.

Мустафа Шентоп кечээ Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде Түрк билим күнүнө карата уюштурулган кабыл алууга катышты.

Шентоп бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Түндүк Македонияда жашаган түрктөрдүн расмий майрамы болгон 21-декабрь Түрк билим күнүнөн улам өлкөдө болуу кубанычын билдирди.

Түркчөнүн Түндүк Македонияда уланышынын бул географиядагы бир туугандыктын күчтөндүрүлүшү жана өлкөнүн маданий байлыгын жана саясий күчүн арттыруу жагынан абдан маанилүү экенине ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар