Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада Облустук полиция башчыларынын 2021-жылга баа берүү жыйынында сөз сүйлөдү.

1750449
Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, 2016-жылдан бери шаарларда террордук окуялардын болбогонун айтып: «2021-жылы бардык террордук уюмдардан 156 кол салууга бөгөт койдук»,-деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада Облустук полиция башчыларынын 2021-жылга баа берүү жыйынында сөз сүйлөдү.

Террор менен күрөшүүгө байланыштуу Сойлу: «2016-жылдын 31-декабрынан бери шаарларыбызда эч кандай террордук окуялар болгон жок, алтургай ПККнын элет жерлердеги кыймылы акыркы 6 жылда 95 пайызга азайды»,- деп билдирди.

Сойлу: «Биз 2017-жылы бардык террордук уюмдардан 697 окуяга бөгөт койгонбуз; бул сан жыл сайын азайып, 2021-жылы 156га төмөндөдү. Башкача айтканда, кол салуулардын саны да, боло электе бөгөттөлгөн кыйсылдардын саны да азайды. Бул биздин терроризмге каршы күрөштөгү ийгилигибиздин ачык көрсөткүчү»,-деди.



Тектеш кабарлар