Шентоп Түндүк Македониянын президенти менен жолугушту

Пендаровский Шентоп жана коштоосундагы делегацияны борбор шаар Скопьедеги «Вилла Водно» Президенттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарада кабыл алды.

1750705
Шентоп Түндүк Македониянын президенти менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски менен жолугушту.

Пендаровский Шентоп жана коштоосундагы делегацияны борбор шаар Скопьедеги «Вилла Водно» Президенттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарада кабыл алды.

Пендаровский жолугушууда Түрк билим күнүнүн бир гана Түркиянын эмес, бүтүндөй Түндүк Македониянын майрамы экенин айтты.

Акыркы мезгилде Антальяда болгонун эске салган Пендаровский, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды  дагы да илгерилетүү үчүн жоопкерчиликтери бар экенин белгиледи.

Түндүк Македониянын быйыл эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенин эске салган Шентоп, Балкан географиясында 30 жылда маанилүү өнөктөштөрү жана союздашы Түндүк Македония менен карым-катнаштарын жана кызматташтыгын алдыга жылдырышкандарын айтты.

Соода, инвестиция, туризм, коргонуу өнөр жайы, билим берүү жана маданият сыяктуу көптөгөн тармактарда өнөктөштүктүн күчөшүнө көңүл бурган Шентоп, Түндүк Македониянын Европа жана Евро-Атлантика институттары менен интеграциясынын бүтүшүнүн аймактын туруктуулугу жана жыргалчылыгы жана бул түшүнүү менен Түндүк Македония Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн мүмкүн болушунча тезирээк башталышын колдоорун кайталады.

Шентоп: «Алдыдагы мезгилде эки дос өлкө катары НАТО баш болгон көп тараптуу платформаларда кызматташуубузду жана тилектештигибизди уланта турганыбызда шек жок»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын чоң потенциалга ээ экенин белгилеген Шентоп, соода көлөмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 46 пайыздык өсүүсүнүн кубандырганын айтты.



Тектеш кабарлар