Чавушоглу Будапештте венгер кесиптеши Сийярто менен жолугушту

Чавушоглу Вишеград тобу (V4) + Түркия жыйынына катышуу үчүн Будапештке барды.

1750666
Чавушоглу Будапештте венгер кесиптеши Сийярто менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Венгриянын борбор шаары Будапештте венгер кесиптеши Петер Сийярто менен жолугушту.

Польша, Чехия, Венгрия жана Словакиядан турган Вишеград тобу (V4) + Түркия жыйынына катышуу үчүн Будапештке барган Чавушоглу, Сийярто менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министр Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан: «Венгриянын тышкы иштер министри досум Петер Сийярто менен жолугуштук. Карым-катнаштарыбызды стратегиялык өнөктөштүккө ылайык өнүктүрөбүз»,-деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар