Эрдоган Билимди жайылтуу сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган сөзүндө экономикага токтолду.

1749813
Эрдоган Билимди жайылтуу сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын глобалдык кризистерге каршы чоң ишенимге ээ болушунун артында күчтүү инфраструктуранын бар экенин айтты.

Президент Эрдоган, (кечээ) Билимди жайылтуу фонду тарабынан Долмабахче сарайында өткөрүлгөн 2021-жылдагы Билимди жайылтуу сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө экономикага токтолгон президент Эрдоган, өлкөдө бийликте болушкан акыркы 19 жылда билим берүүдөн саламаттыкты сактоого чейин, коопсуздуктан юстицияга, транспорттон энергетикага, шаар куруудан спортко чейинки бардык тармакта түзүлгөн күчтүү инфраструктуранын негизинде улутту татыктуу жашоо деңгээлине жеткиргендерин айтты.

Эрдоган: «Түркиянын глобалдык кризистерге каршы ушунчалык чыдамдуу болушунун жана кризистерди мүмкүнчүлүккө айландырууда чоң ишенимге ээ болушунун артында күчтүү инфраструктура бар. Эми экономикада да ушундай күрөштү жүргүзүп жатабыз»,- деди.

«Өсүү көрсөткүчтөрү, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу, экспорт, бюджет баланстары жана бардык көрсөткүчтөр Түркия үчүн глобалдык ийгиликке ишарат кылууда»,-деген Эрдоган, өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан экономикалык саясаттын алар аныктаган багытта илгерилеп жатканын баса белгилеп, Түрк экономикасынын ушул убакка чейин болгондой эле эркин базар экономикасынын эрежелерине ылайык жолун уланта турганын билдирди.



Тектеш кабарлар