Чавушоглу Кабул аэропорту тууралуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Чавушоглу борбор шаар Анкарада Малайзиянын тышкы иштер министри Сейфеддин Абдуллах менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1749987
Чавушоглу Кабул аэропорту тууралуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ооганстандагы Кабул аэропортунун ишине байланыштуу: «Биздин адистер бүгүн кечинде Дохага барышат. Шарттарыбыз шайкеш келсе Катар менен биргеликте иш алып барабыз»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу борбор шаар Анкарада Малайзиянын тышкы иштер министри Сейфеддин Абдуллах менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Кабул аэропортунун ишине токтолуп: «Биздин адистер бүгүн кечинде Дохага барышат. Ооганстандын убактылуу өкмөтүнө биргелешкен сунуштарды беребиз. Шарттарыбыз шайкеш келсе Катар менен биргеликте аэропортторду иштетебиз. Ооганстанда Кабул баш болгон 5 аэропорттун чогуу иштеши боюнча биргелешкен келишимге кол коюлду. Делегация шаршемби күнү Кабулга барат. Убактылуу жетекчилик менен сүйлөшүү өткөрөт»,- деди.

Чавушоглу Армения менен диалог процессине байланыштуу да буларды айтты: «Армения менен түз байланышты баштоо үчүн атайын өкүлдөрдү дайындадык. Алар мүмкүн болушунча тезирээк жолугушат. Бул кадамдардын баарында Азербайжан менен кеңешип, чечимдерди чогуу кабыл алуудабыз».

Министр Чавушоглу ошондой эле Түркиянын коронавируска (Ковид-19) каршы иштеп чыккан Түрковак вакцинасынан Малайзия калкынын да пайда көрүшүнө кубанычта болоорун айтып: «Биз Түрковакты колдонула баштаганда бир туугандарыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Өнүкпөгөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бул вакцинаны жеткиребиз. Боордош Малайзия калкынын да Түрковактан пайдаланышына кубанычта болобуз», - деди.



Тектеш кабарлар