Акар командирлер менен видеоконференция жыйналышын өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусия менен Украинанын ортосундагы жана НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун тынчтык жол жана ыкмалар менен мүмкүн болушунча тез арада чечилишин үмүт кылгандарын айтты.

1750167
Акар командирлер менен видеоконференция жыйналышын өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусия менен Украинанын ортосундагы жана НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун тынчтык жол жана ыкмалар менен мүмкүн болушунча тез арада чечилишин үмүт кылгандарын айтып:«Ушул убакка чейин ар кандай салымдарды кошконубуз сыяктуу, бул жаатта эмне кылсак, мындан ары да ошону кыла беребиз», -деди.

Хулуси Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күчтөрдүн командирлери, министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлдү.

Акар жыйындагы сөзүндө Ирактын түндүгүндөгү террор менен күрөшүүгө токтолуп: «Эрбил менен да, Багдад менен да карым-катнашыбызды конструктивдүү жана урмат-сыйлуу түрдө жүргүзөбүз. Биз позитивдүү өнүгүүлөргө умтулабыз. Максатка чогуу жетишибиз керек. Бул ирактык бир туугандарыбыздын да, биздин да коопсуздукту камсыз кылуубуздун жолу. Бул жерде ийиндеш болуп иштөөнү улантабыз»,-деди.

Акар Керкүктөгү түркмөндөрдүн укуктарынын жана мыйзамдарынын корголушу Түркия үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

«Биз ал жактагы окуяларга кылдат көз салып жатабыз», - деди ал.

Кара деңиздеги акыркы окуяларга да баа берген Акар:«Кара деңизде тынчтык өкүм сүрүшү үчүн аракет кылабыз. Кара деңиздеги иш-аракеттердин эл аралык укуктун чегинде, чыңалууга же окуялардын курчушуна алып келбей, макулдашылган келишимдердин жана эрежелердин алкагында уланышын каалайбыз. Мен бул ой-пикирлерди маектештерибизге жеткирем. Биз Орусия менен Украинанын ортосундагы жана НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун тынчтык жол жана ыкмалар менен мүмкүн болушунча тез арада чечилишин үмүт кылгабыз. Биздин каалообуз тынчтык, бакубаттык жана туруктуулук орношу. Биз мындан ары да камсыздайбыз. .” Ушул убакка чейин ар кандай салымдарды кошконубуз сыяктуу, бул жаатта эмне кылсак, мындан ары да ошону кыла беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар