Шентоп Балкандагы 3 өлкөгө барат

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация эртең Түндүк Македонияга барат.

1749576
Шентоп Балкандагы 3 өлкөгө барат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп 20-23-декабрь күндөрүнүн аралыгында Түндүк Македония, Сербия жана Черногорияга расмий сапар менен барат.

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация эртең Түндүк Македонияга барат.

Парламент төрагасы Шентоп 21-декабрь шейшемби күнү Түндүк Македония парламентинде расмий азем менен тосуп алынат.

Түндүк Македония Парламентинин төрагасы Талат Жафери менен жолугуша турган парламент төрагасы Шентоп, Түндүк Македония парламентинде депутаттарга кайрылат.

Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровский да парламент төрагасы Шентоп жана аны коштогон парламент делегациясын кабыл алат.

Андан кийин Эл аралык Балкан университетине бара турган Шентоп Скопьедеги Тефейюз башталгыч мектебинде да окуучулар менен жолугушат.

21-декабрь Түрк билим күнүн майрамдоого катыша турган Шентоп, Македониядагы Түрк жарандык уюмдар биримдиги (MATUSITEB) тарабынан уюштурулган башталгыч, жогорку класстар жана университет окуучулары үчүн «Румелиядан Түркстанга чейин түрк тили» аттуу поэзия, проза жана сүрөт сынагында алдыңкы үчтүк жеңүүчүгө белектерин тапшырат.

Ошол эле күнү Түндүк Македония программасын аяктап, Сербиянын борбор шаары Белградга бара турган Шентоп жана коштоосундагы делегация 22-декабрь шаршемби күнү Сербиянын президенти Александр Вучич тарабынан кабыл алынат.

Серб Улуттук Парламентине бара турган Шентоп, Сербиянын Улуттук Парламентинин төрагасы Ивица Дачич жана коштоосундагы делегация менен да жолугушат. Шентоп менен Дачич андан соң биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич менен жолугушкандан кийин Белграддан Черногориянын борбор шаары Подгорицага барат.

Балкан сапарынын акыркы күнү 23-декабрь бейшемби күнү Черногория парламентине бара турган Шентоп, Черногориянын парламент төрагасы Бечич менен жолугушат.

Шентоп менен Бечич Түркия Улуу Улуттук Жыйыны менен Черногория Парламентинин ортосундагы Парламенттер аралык кызматташтык протоколуна кол коюшат.

Делегациялардын жолугушуусунан кийин эки төрага биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Шентоп кийинчерээк Черногориянын премьер-министри Здравко Кривокапич менен жолугушат.

Черногориянын президенти Мило Жуканович парламент төрагасы Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегацияны кабыл алат.

Шентоп жана аны коштогон парламенттик делегация жолугушууларын аяктаган соң мекенине кайтып келишет.



Тектеш кабарлар