Октай:«Түрксат 5Б менен өз спутнигин чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн бири болдук»

Октай Анкарадагы Түрксаттын Гөлбашы кампусунда өткөрүлгөн аземде Türksat 5B (Түрксат 5Б) спутнигинин Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Кейп Канаверал базасынан учуруу учурун көрдү.

1749558
Октай:«Түрксат 5Б менен өз спутнигин чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн бири болдук»

Вице-президент Фуат Октай:«Түрксат 5Б менен өз спутнигин чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн бири болдук»,- деди.

Октай транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу менен бирге борбор шаар Анкарадагы Түрксаттын Гөлбашы кампусунда өткөрүлгөн аземде Türksat 5B (Түрксат 5Б) спутнигинин Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Кейп Канаверал базасынан учуруу учурун көрдү.

Вице-президент Фуат Октай Түркиянын башка өлкөлөрдөн айырмаланганын баса белгилеп:«Технологияда көрө албастык жана өзүмчүл иш кылган бир түзүлүшүбүз жок. Түркия технологияны бөлүшкөн, бирге өнүгүп, бирге өскөн жана пайдага-пайда принцибине ээ болгон өлкө»,-деп айтты.

Түркиянын өсүп, өнүгүп жатканын жана мунун риторикасы 20 жылдык жасалган эмгектер менен толутурулган узун жол тартуу экенин белгилеген Октай, Түрксат 5Б менен өз спутнигин чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн бири болгондорун айтты.

Түркиянын цивилизациялардын бешиги болгон өлкө экенин билдирген Октай: «Цивилизацияларды жакындаткан жана ошол учурда өзүнө гана тиешелүү цивилизацияны жайылткан өлкө. Түркия - маданияттар жолугушкан, айырмачылыктары менен күч жана байлыкка ээ болгон өлкө. Бул технологияда да ушундай. Муну менен түзүлгөн синергетика бизди жаштар менен бирге цивилизациянын чекитинде алда канча күчтүү түрдө келечекке алып барат. Баарыбызды алдыда жакшы күндөр күтүүдө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар