Эрдогандын африкалык жаштар менен жолуккан программасы тууралуу бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган бул тууралуу Твиттердеги баракчасында бөлүштү.

1749565
Эрдогандын африкалык жаштар менен жолуккан программасы тууралуу бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинин 3-жыйынынан улам африкалык жаштар менен жолуккан программасы тууралуу видео бөлүштү.

Президент Эрдоган Твиттердеги баракчасындагы бөлүшүүсүндө: «Африкалык жаштар менен болгон жолугушуубузда мозамбиктик кыздарыбыздын бири эми дагы жакшы нерселерден, жаңы жана адилеттүү дүйнө тартиби жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек деп билдирди»,- деди.

Эрдоган менен сүйлөшкөндө Анкарада университетте окуганын айткан Мозамбиктен Камила Мадуш африкалыктардын президент Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунда айткан геноцид, жамандыктар жана дискриминациялардан кабардар экенин айтты.

Бул сүйлөшүүлөрдү унутпашкандарын жана унутпай тургандарын белгилеген Мадуш: «Азыр жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек. Жаңы дүйнө, жаңы тартип, адилеттүүрөөк тартип... Бул жаңы тартипте дүйнө 5тен чоң болот»,-деди.

Түркиянын Африка менен болгон өнөктөштүгүнө ыраазы болгондорун баса белгилеген Камила Мадуш Түркиянын Африканын көйгөйлөрүнө африкалыктардын көзү менен жана адамдарга таянып чечүүчү жолдорду сунуштаганын белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Эрдоган дагы, залдагы африкалык жаштар дагы мозамбиктик жашты кол чабуу менен колдоп турушту.



Тектеш кабарлар