Эрдоган: «Өлкөбүздүн эң күчтүү жана эң кубаттуу байланыш спутниги Түрксат 5Бны космоско учурдук»

Эрдоган Түркиянын космостогу 8-активдүү спутниги Түрксат 5Бнын космоско учурулганына байланыштуу видео кайрылуу жасады.

1749452
Эрдоган: «Өлкөбүздүн эң күчтүү жана эң кубаттуу байланыш спутниги Түрксат 5Бны космоско учурдук»
türksat 5b.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздүн эң күчтүү жана эң кубаттуу байланыш спутниги Түрксат 5Бны космоско учурдук. Бул спутник долбоорунда да Space Xтин Falcon 9 ракетасын тандадык»,-деди.

Эрдоган Түркиянын космостогу 8-активдүү спутниги Түрксат 5Бнын космоско учурулганына байланыштуу видео кайрылуу жасады.

Президент Эрдоган кайрылуусунда Түркия жана түрк улутунун атынан дагы бир сыймыктануу учуруна күбө болуу менен толкунданганын айтты.

Түрксат 5А спутнигинин Falcon 9 ракетасы менен январь айында учурулганын жана июнь айында ишке киргизилгенин эске салган Эрдоган: «Бүгүн өлкөбүздүн эң күчтүү жана эң кубаттуу байланыш спутниги Түрксат 5Бны космоско учурдук. Бул спутник долбоорунда да Space X фирмасынын Falcon 9 ракетасын тандадык. Мырза Илон Маск жана Space X фирмасын Түркияга каршы лоббилердин шантаждарына жана кысымдарына алдырбагандыктары үчүн өзүмдүн жана улутумдун атынан куттуктайм»,-деди.

Түрксат 5Б спутнигинин 42 градус чыгыш орбитасында кызмат кылган жана телеберүү жүгүн көтөргөн Түрксат 3А жана Түрксат 4А спутниктери үчүн резервдик кызмат кыла турганын белгилеген Эрдоган, сөзүн улантып: «Мындан тышкары, Türksat 5B активдештирилиши менен маалымат берүүнүн ылдамдыгы жана сыйымдуулугу 15 эседен ашык жогорулайт. Ошентип, интернетке кирүү чектелген аймактарда анын ичинде кургактык, деңиз жана аба унаалары менен кошо кең тилкелүү спутниктик интернет кызматы өз чөйрөсүндөгү колдонуучуларга берилет. Биздин спутник 35 жылдан ашуун маневр өмүрү менен 42 градустук Чыгыш орбитасында жыштык жана орбиталык пайдалануу укуктарынын корголушун камсыздайт. Биздин байланыш дараметибизди дагы да күчтөндүрө турган Türksat 5B  спутниги өлкөбүз жана улутубузга пайдалуу болушун тилеймин»,-деди.

Космос изилдөөлөрүндө Space X фирмасы менен биргелешип иштөө ийгиликтүү улана беришин каалаган Эрдоган, бул сыймыктанууну жараткан ар бир адамга ыраазычылык билдирди.

Түркиянын жаңы спутниги Түрксат 5Б Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатындагы Канаверал тумшугу базасынан Түркия убактысы боюнча саат 06:58де ийгиликтүү учурулду.



Тектеш кабарлар