Чавушоглу Пакистанда Байрамов менен жолугушту
Бул тууралуу министр Чавушоглу Твиттер баракчасында маалымат бөлүштү.
1749511
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистанда Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 17-кезексиз жыйынынын алкагында азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен жолугушту.
Министр Чавушоглу Твиттер баракчасында: «Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышкан Исламабадда урматтуу Азербайжандын тышкы иштер министри, бир тууганым Жейхун Байрамов менен Кавказдагы окуяларды талкууладык. Аймагыбыздагы нормалдашуунун ар бир этабында биргелешип аракеттенүүнү улантабыз»,-деди.