Чавушоглу: «ИКУ Ооганстанга эл аралык колдоону мобилизациялоодо башкы ролду ойношу керек»

Чавушоглу, Ооганстандагы гуманитардык абалды талкуулоо үчүн Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 17-Кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1749546
Чавушоглу: «ИКУ Ооганстанга эл аралык колдоону  мобилизациялоодо башкы ролду ойношу керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ооганстанда калктын 60 пайызынын ачарчылык менен бетме-бет келгенин айтып: «Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Ооганстанга эл аралык колдоону тартуу жана мобилизациялоодо башкы ролду ойношу керек»,-деди.

Чавушоглу, Ооганстандагы гуманитардык абалды талкуулоо үчүн Пакистандын борбор шаары Исламабадда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 17-Кезексиз жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Ооганстан эли менен тилектештиктин моралдык жоопкерчилик жана диний милдет экенин белгилеген Чавушоглу: «Учурда Ооганстанда 23 миллионго жакын адам ачарчылыкка кабылууда. Бул калктын 60 пайызын түзөт. ИКУ Ооганстанга эл аралык колдоону тартууда жана мобилизациялоодо башкы ролду ойношу керек»,-деп айтты.

Чавушоглу Ооганстанда экономиканын кыйрашынын алдын алуу керектигин, уланып жаткан санкциялардын каржы системасын абдан жаман таасир эткенин айтты.

«Эгер бул каржы булактары ооган элине жетпесе, биз кабыл алган милдеттенмелер эч кандай мааниге ээ болбойт. Биз каржы булактарына байланыштуу чечимдерди тез арада ишке киргизип, ликвиддүүлүк жана банктык которуу ресурстарын ушундай жол менен чечишибиз керек»,- деди ал.

Гуманитардык жана экономикалык кризистин коңшу өлкөлөргө болгон миграция басымын жана жүгүн арттырганын баса белгилеген Чавушоглу, ИКУнун БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы жана Эл аралык миграция уюму сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен иштешип, жеринен ажыраган кишилерге колдоо көрсөтүүнү улантуусу керектигин баса белгиледи.

Ооганстанда ырааттуулукту орнотуу үчүн Талибан башкаруусу менен иштешүүнүн өтө зарыл экенин белгилеген Чавушоглу: «Биз азыркы өкмөттү инклюзивдик болууга, бардык адамдардын укуктарын коргоого, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын жумушка жана билим алууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүүнү улантышыбыз керек жана бул багытка үндөшүбүз керек»,-деп айтты.

Бул алкакта бардык оң билдирүүлөр жана ташталган кадамдар абдан маанилүү деп ойлогондорун белгилеген Чавушоглу, булардын талиб өкмөтүнүн мыйзамдуулугун жана күчүн өлкө ичинде жана тышында арттыра турганын баалады.

Ооганстанда күчөгөн кризистин Азиядагы мусулман элдерге абдан маанилүү таасир тийгизгенине көңүл бурган Чавушоглу: «Биз Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Пакистан, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индонезия жана Малайзиянын ошондой эле бардык өлкөлөрдүн, Ооганстан маселеси боюнча активдүү катышуусун өтө маанилүү деп эсептейбиз. Биз дагы көп кадамдарды жасап, ислам коомчулугу катары алдыңкы ролду ойношубуз керек.

Ооган боордошторубузга тилектештигибизди ИКУнун тышкы иштер министрлеринин Кабулга жасаган биргелешкен сапары менен көрсөтө алабыз. Биздин билдирүүлөрүбүздү ошол жерге түздөн-түз жеткирүү менен биз Ислам элдери катары алдыңкы ролду ала алабыз.

Сөзүмдү бүтүрүүдөн мурун борбор шаары Кудус менен эгемендүү Палестинага жетүү үчүн чечкиндүүлүгүбүздү жана колдоошубузду баса белгилегим келет. Урматтуу бир туугандар, ооган боордошторубуз жакшы келечекке татыктуу деп эсептейм жана биз азыртан чара көрүшүбүз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар