Мустафа Варанк Түркиянын алгачкы унаа аккумлаятору заводу тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын биринчи унаа аккумулятору заводунун курула баштаганын жарыялады.

1749368
Мустафа Варанк Түркиянын алгачкы  унаа аккумлаятору заводу тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын биринчи унаа аккумулятору заводунун курула баштаганын жарыялады.

Варанк соцтарамктан Бурсанын Гемлик районунда жасала турган аккумлятор клеткасы жана модулдук өндүрүш объектисинин инвестициясы тууралуу билдирди.

Варанк буларды айтты : «Түркиянын биринчи унаа аккумулятору заводу курулууда. Бул 2 миллион унаа чыгара турган көлөмдө  жана 30 миллиард доллардан ашык экспорттой ала турган автомобиль өнөр жайыбыз үчүн чоң кадам. TOGG (Түркиянын Автоунаа Демилге тобу) өнөктөштүгү менен жана Farasis, Siro, 15 гигаватт саат батареянын клеткалары жана модулдары өндүрүлөт».

Варанк аккумулятордук клеткаларды өндүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

TOGG жана Кытайдын энергетика гиганты Farasis менен өнөктөштүктө курулган Siro компаниясы ишке ашыра турган батарейка клеткасы жана модуль өндүрүшү болжол менен 2200 кишини жумуш менен камсыздайт.



Тектеш кабарлар