«Эрен Кыш-12 Тендүрек» операциясы башталды

Операцияга 450 кызматкер катышууда.

1744481
«Эрен Кыш-12 Тендүрек» операциясы башталды

Ванда жикчил террордук уюм ПККга карай «Эрен Кыш-12 Тендүрек» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалаган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Ванда «Эрен Кыш-12 Тендүрек» операциясы башталды.

Операцияга жандармерия командирлиги, жандармериянын атайын операциялары жана коопсуздукту сактоочу десанттардан турган 450 кызматкер катышууда.

Өлкөдө терроризмди толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн «Эрен кыш» операцияларынын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү уланып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар