Эрдоган Евробиримдиктин Кавала чечимине каршылык көрсөттү

Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1744669
Эрдоган Евробиримдиктин Кавала чечимине каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Катарга болгон сапарынан кийин күн тартибине байланыштуу баа берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган, Катардын эмири шейх Тамимдин чакыруусу менен Дохада Жогорку стратегиялык комитеттин 7-жыйынын өткөрүшкөндөрүн эске салды.

Шейх Тамим менен эки тараптуу жана делегациялар арасында абдан жемиштүү жолугушууларды өткөрүшкөндөрүн, Катар менен кызматташтыкты тереңдетүү жана жаңы тармактарга кеңейтүү боюнча өз ара саясий эрктерин тастыкташкандарын баса белгиледи.

Бир тараптан Эрдоган, Европа Биримдигинин Аткаруу комитети деп аталган Министрлер комитетинин, ишкер Осман Кавалага байланыштуу Түркияга мыйзам бузуу жазасын бергенин эске салып: «Биз Европа Биримдигинин Кавала чечимин тааныбайбыз. Эмнени билишсе ошону кылышсын»,-деди.



Тектеш кабарлар