Чавушоглу Диакате жана Байрамов менен болгон сүйлөшүүлөрүн бөлүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттерден маалымат бөлүштү.

1744760
Чавушоглу Диакате жана Байрамов менен болгон сүйлөшүүлөрүн бөлүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кот-д'Ивуар Ислам иштери боюнча жогорку кеңешинин төрагасы шейх Усман Диаките менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан бөлүшүүсүндө, «Биз өлкөбүзгө иш сапары менен келген Кот-д'Ивуардын Ислам иштери боюнча Жогорку кеңешинин төрагасы шейх Усман Диаките менен жолугуп, аны дайындалган бул маанилүү милдети менен куттуктадык»,-деди.

Ошондой эле Мевлүт Чавушоглу менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун ортосунда телефон сүйлөшүүсү болгону да айтылды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө декларациянын (44 күндүк согуштан кийин Азербайжандын Арменияга каршы Карабах жеңишин документтештирген Азербайжан, Орусия жана Армениянын ортосунда 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган) үч тараптуу билдирүүнүн аткарылышы, чөлкөмдөгү учурдагы абал жана региондогу өлкөлөрдүн катышуусу менен  3 3 кызматташтык платформасын ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды.

Билдирүүдө Чавушоглу менен Байрамовдун Пакистанда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынын (эки жумадан кийин) да талкуулаганы белгиленди.

Билдирүүдө Чавушоглу менен Байрамовдун жолугушууда эки өлкөнү кызыктырган маселелер жана башка маселелер талкууланганы да белгиленди.



Тектеш кабарлар