Түрк Кызылайы Орусияда эң мыкты долбоор сыйлыгын алды
«We are together» сынагында жылдын эң ийгиликтүү ыктыярчы долбоорлоруна сыйлыктар тапшырылды.
Түркиянын Кызыл жарым ай коому (Түрк Кызылайы) коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде жүргүзгөн инновациялык иштеринен улам «Билим берүү жана технология тармагындагы эң мыкты долбоор сыйлыгын» жеңип алды.
Орусиянын борбор шаары Москвада президент Владимир Путин да катышкан «We are together» сынагында жылдын эң ийгиликтүү ыктыярчы долбоорлоруна сыйлыктар тапшырылды.
Орус өкмөтү тарабынан колдоого алынган «We are together» сынагынын алкагында сыйлыктар берилген иш-чарада Түрк Кызылайы да жалпысынан 429 долбоорду камтыган сынакта «Коомчулукка негизделген миграция программалары» долбоору менен «Билим берүү жана технология тармагындагы эң мыкты долбоор» сыйлыгын жеңип алды.
"We are together" сынагына быйыл 50 башка өлкөдөн 4500 кайрылуу түшкөн.
Тектеш кабарлар
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу
Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.