Президент Эрдоган Сампайюну эскерүү аземине видео кайрылуу жөнөттү

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде Сампайюну эскерүү аземи өткөрүлдү.

1744090
Президент Эрдоган Сампайюну эскерүү аземине видео кайрылуу жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Исламофобия, расизм, антисемитизм жана ксенофобия күчөп турган учурда, Цивилизациялар шериктештигинин көз карашына жана баалуулуктарына мурдагыдан да көбүрөөк муктаждык бар»,-деди.

Президент Эрдоган сентябрь айында каза болгон Португалиянын мурунку президенти жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Цивилизациялар Альянсынын биринчи Жогорку өкүлү Жорже Сампайюну эскерүү аземине видео кайрылуу жөнөттү.

Сампайюну эскерүү үчүн Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде өткөрүлгөн аземде жарыяланган билдирүүсүндө Эрдоган, Сампайюнун өлүмүнө терең кайгырганын билдирди.

Сампайюнун үй-бүлөсүнө, португал элине жана Бириккен Улуттар Уюмунун коомчулугуна көңүл айткан Эрдоган, Сампайюнун Португалиянын демократия тарыхында маанилүү роль ойногон мамлекеттик ишмер экенине басым жасады.

Президент: «Исламофобия, расизм, антисемитизм жана ксенофобия күчөп турган учурда Цивилизациялар шериктештигинин көз карашына жана баалуулуктарына мурдагыдан да көбүрөөк муктаждык бар. 16 жыл мурун түптөгөн бул демилге, дүйнөдөгү кризистерден чыгуунун маанилүү жолун сунуштайт»,-деди.



Тектеш кабарлар