ПККнын провинциялык жооптуусу деп аталган террористи таасирсиз кылынды

Коопсуздук күчтөрү Шанлыурфанын Хажылар айылында бир террористтин жашынып жатканы боюнча чалгындоо маалыматына таянып операция жүргүздү.

1744115
ПККнын провинциялык жооптуусу деп аталган террористи таасирсиз кылынды

Жикчил террордук уюм ПККнын Гап-Рыха боюнча провинциялык жооптуусу деп аталган «Рубар» код аттуу Ферхат Тунч таасирсиз кылынды.

Коопсуздук күчтөрү Шанлыурфанын Хажылар айылында бир террористтин жашынып жатканы боюнча чалгындоо маалыматына таянып операция жүргүздү.

Коопсуздук күчтөрүнүн «багынып бер» деген чакырыгына ок менен жооп берген террорист операцияда набыт болгон абалда колго түшүрүлдү.

Таасирсиз кылынган террористтин Гап-Рыха боюнча провинциялык жооптуусу деп аталган «Рубар» код аты бар Ферхат Тунч экени аныкталды.

Операцияда уюм мүчөсү менен бирге 1 тапанча, 2 кол гранатасы, 1 термикалык көз айнек жана уюштуруу документтери табылды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттер эсебинен билдирүү жасап, операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрүн куттуктады.



Тектеш кабарлар