Эрдоган: Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды чыңдоого аракет кылып жатабыз

Президент Эрдоган Катардын борбор шаары Дохадагы Катар-Түрк биргелешкен күчтөрү командирлигине барып аскерлерге кайрылды.

1744262
Эрдоган: Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды чыңдоого аракет кылып жатабыз
erdogan katar-turk musterek kuvvet.jpg
erdogan katar-turk musterek kuvvet.jpg
erdogan katar-turk musterek kuvvet.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Перс булуңундагы бардык элдерди өз бир тууганындай көргөндөрүн айтып: «Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды ушул түшүнүк боюнча өз ара кызыкчылык жана урмат-сыйдын негизинде алдыга жылдырууга аракет кылуудабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Катардын борбор шаары Дохадагы Катар-Түрк биргелешкен күчтөрү командирлигине барып аскерлерге кайрылды.

Сөз сүйлөөсүндө: «Биздин баатыр армиябыз кылымдар бою аткарып келгендей эле учурда дагы 3 континент 7 климатта өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жан аябастан аткарууда. Куралдуу күчтөрүбүз өлсөм шейит, калсам ардагер деген ураан менен өлкөбүздө жана бүткүл дүйнөдө тынчтыкка, туруктуулукка жана коопсуздукка кызмат кылууда», деген Эрдоган: «Түркия катары биз Катар менен биргеликте бүткүл Перс булуң аймагынын тынчтыгына жана бакубатчылыгына чоң маани беребиз. Бул өлкөлөрдө чыңалууну, кагылышууну жана душмандыкты эч качан көргүбүз келбейт. Жер астындагы байлык жагынан да, соода жагынан да чоң потенциалга ээ болгон бул аймактын бир туугандык, тилектештик менен алдыңкы орунга чыгышын, ар бир тармакта өнүгүүсүн каалайбыз»,-деп айтты.

«Булуңдагы бардык элдер тегине, динине жана ишенимине карабастан биздин бир туугандарыбыз» деген Эрдоган: «Ушул түшүнүк боюнча биз Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташуубузду өз ара кызыкчылык жана сый-урматтын негизинде чыңдоого аракет кылып жатабыз. Диний, тарыхый, маданий жана терең адамзаттык байланыштарыбыз бар Катардын албетте элибиздин жүрөгүндө орду башкача. Өзгөчө 15-июль (2016) кандуу төңкөрүш аракети баш болгон катарлык боордошторубуздун улутубуз менен болгон тилектештигин эч качан унутпайбыз. Мындан тышкары, түрк экономикасына каршы жасалган чабуулдарда да Катар ар дайым биздин тарапта болуп өлкөбүзгө болгон ишенимин көрсөттү»,-деди.



Тектеш кабарлар