Эрдоган Катарда

Расмий сапар менен Катарга барган президент Режеп Таййип Эрдоган анын урматына берилген сый тамакка катышты.

1743824
Эрдоган Катарда

Расмий сапар менен Катарга барган президент Режеп Таййип Эрдоган анын урматына берилген сый тамакка катышты.

Президент Эрдогандын урматына Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Санинин атасы эмир шейх Хамед бин Халифа Аль Сани тарабынан кечки тамак берилди.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын борбор шаар Дохадагы тамактануусу маалымат каражаттарына жабык өттү.

Эрдогандын Катарга болгон сапарында эки өлкөнүн карым-катнаштары бардык өңүттө каралып, биринчи кезекте Ооганстан, Сирия жана Ливия баш болгон аймактык абалдар тууралуу пикир алмашуу болот.

Эрдогандын Катарга болгон сапарында учурда болгон кызматташтыкты арттыруу үчүн кадамдар ташталат.

Ушул алкакта Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 7-жыйыны өткөрүлөт.

Биринчиси 2015-жылы эки өлкөнүн ортосунда өткөрүлгөн комитет жыйындарынын жыйынтыгында соодадан энергетикага, коргонуудан өнөр жайга чейин көптөгөн тармакта 62 келишимге кол коюлган.

Эрдоган менен Ал Санинин жетекчилигинде өтө турган 7-жыйында ар кандай келишимдерге кол коюлат.



Тектеш кабарлар