Улуттук коргоо министри Акар Катардын коргоо министри менен жолугушту

Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын сапарына даярдыктын алкагында барган Катардын борбор шаары Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

1743336
Улуттук коргоо министри Акар Катардын коргоо министри менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Катардын вице-премьер-министри жана коргоо министри Халид бин Мухаммед эл-Атийе менен жолугушту.

Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын сапарына даярдыктын алкагында барган Катардын борбор шаары Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки тараптуу жана аймактык коргонуу, коопсуздук жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык темаларында пикир алмашкан Акар жана эл-Атийе жолугушуусунда өз ара аскердик машыгуу кызматташтыгын арттыруу каалоолору айтылды.

Хулуси Акар Катарда кызмат кылган түрк аскерлерине да барды.

Министр Акар бул жерде сөз сүйлөп, түрк биримдигинин ийгиликтүү ишин жакындан байкашкандарын белгилеп: «Сиздердин жетишкендиктериңизге кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Сиздин ишмердүүлүгүңүз алдыдагы мезгилде дагы ушундай олуттуулук, чын ыкластуулук жана ийгилик менен уланат деп ишенебиз»,-деп айтты.

Бирге иштөө үчүн Катарда да, Түркияда да биргелешкен машыгуулардын маанилүүлүгүн баса белгилеген Акар: «Бул жерде Катар менен кылган ишибиз үчүнчү өлкөлөргө каршы эмес, биздин өлкөлөрүбүздү, улуттарыбызды жана укуктарыбызды коргоо жана бөгөт коюучу күчүбүздү максималдуу жогорулатуу үчүн»,-деди.



Тектеш кабарлар