Түркия Түштүк Кипрдеги кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1743365
Түркия Түштүк Кипрдеги кол салууну айыптады

Түркия, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугундагы Ларнака мечитине жасалган кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Түштүк Кипрдеги Ларнака мечитине өрт коюлган кол салууну катуу айыптайбыз»,-делди. 

Билдирүүдө: «Исламга каршы күрөштүн акыркы үлгүлөрүнүн бири болгон бул жана ушул сыяктуу кыймылдар мусулмандарды гана бутага албастан адамзаттын жалпы баалуулуктарына да коркунуч келтирүүдө; кээ бир чөйрөлөр тынчтыкта ​​жанаша жашоо түшүнүгүнөн канчалык алыс экендигин көрсөтүүдө»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар