Президент Эрдоган бүгүн Катарга барат

Президент Эрдоганды борбор шаар Дохада Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Сани расмий азем менен тосуп алат.

1743371
Президент Эрдоган бүгүн Катарга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн расмий сапар менен Катарга барат.

Президент Эрдоганды борбор шаар Дохада Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Сани расмий азем менен тосуп алат.

Эки лидер аземден кийин жекеме-жеке жолугушат. Түркия-Катар карым-катнаштарынын бардык аспектилери карала турган жыйында Ооганстан, Сирия жана Ливия баш болгон аймактык абалдар тууралуу пикир алмашат.

Президент Эрдогандын Катарга болгон сапарында учурда болгон кызматташтыкты арттыруу үчүн кадамдар ташталат.

Ушул алкакта Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 7-жыйыны өткөрүлөт.

Биринчиси 2015-жылы эки өлкөнүн ортосунда өткөрүлгөн комитет жыйындарынын жыйынтыгында соодадан энергетикага, коргонуудан өнөр жайга чейин көптөгөн тармакта 62 келишимге кол коюлган.

Эрдоган жана Аль Санинин жетекчилигинде өтө турган 7-жыйында ар кандай келишимдерге кол коюлат.



Тектеш кабарлар