Эрдоган: «Саясий эркиндик менен экономикалык эркиндик тыйындын эки бети сыяктуу»
Президент Эрдоган Сииртке жасаган сапарында «Демократия кептери» иш-чарасына катышты.
Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Биз инвестиция, иш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана өсүшкө багытталган жаңы программабыз менен гүлдөп-өнүгүүнү кеңейтебиз»,-деди.
Президент Эрдоган Сииртке жасаган сапарында «Демократия кептери» иш-чарасына катышты.
Саясий эркиндик менен экономикалык эркиндик тыйындын эки бети сыяктуу экенин, бири болбосо экинчиси эч кандай мааниге ээ болбой калаарын айткан Эрдоган: «Биз өлкөбүздө бардык жарандарыбызга эң кеңири укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылгандай эле, инвестиция, иш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана өсүүгө багытталган жаңы программабыз менен экономикадагы гүлдөп-өнүгүүнү кеңейтебиз деп ишенем. Бүгүн демократия жөнүндө айтып жатабыз, эртең улутубуздун жыргалчылыгын кантип жогорулатканыбыздын эсебин беребиз деп үмүттөнөм»,- деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.