Эрдоган Катарга аттанар алдында билдирүү жасады

Президент Эрдоган маалымат жыйындан кийин Катарга жөнөп кетти.

1743567
Эрдоган Катарга аттанар алдында билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Катар сыяктуу Перс булуңундагы башка өлкөлөр менен да кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Президент Эрдоган, Катарга кетер алдында Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда өткөргөн маалымат жыйында Түркия-Катар карым-катнаштарынын достугу жана стратегиялык көз карашы менен күндөн-күнгө күчтөнгөнүн, акыркы жылдарда жакшы жылыштар болгондугун айтты.

Түркия менен Катардын күчтүү позициясын карманган эки мамлекет экенин баса белгилеген Эрдоган, Катар менен экономикадан коргонууга, соодадан инвестицияга чейин «пайда тап-пайда таптын» негизинде өнөктөштүктү бекемдегендерин айтты.

Катар менен бирге Перс булуңундагы башка өлкөлөр менен да кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын белгилеген Эрдоган: «Булуң аймагында диалогдун каалгаларын кайра ачуу жана түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн жүргүзүлгөн дипломатиялык аракеттерди кубаттайбыз. Түркия катары биз дагы күчтөнүү менен бардык Перс булуңу өлкөлөрү менен биримдигибизди, тилектештигибизди жана мындан аркы карым-катнашыбызды сактоону жактайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган маалымат жыйындан кийин Катарга жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар